7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышты

340

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, 17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болуучу. Учурда трассада кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү иштери жүрүп, атайын техникалар иштеп жаткандыгына байланыштуу, унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. 16-февралдан 20-февралга чейинки аралыкта 1 млн 222 750 м3 кар түшүрүлгөн. 21-февраль күнү саат 09.30га карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталган. Ошол себептүү убактылуу жабылган, кайрадан саат 18.00дө унаа кыймылы үчүн жолду ачуу пландалууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча жыйын өткөрдү.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү жана жолду тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл чараларды өз убагында жана ыкчам көрүшкөнүн белгиледи.

Анын айтымында, өлкө президентинин тапшырмасы менен быйыл атайын техникаларды алууга 2,5 млрд сом бөлүнгөн жана ал Нарын облусуна дагы берилет. Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышты. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2023-жылдын II кварталы. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда.

Андан ары Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Кече кенине барып, анын иши менен таанышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

341