7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Чуңкурчактагы Кымыз фестивалына барды

335

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан “Кымыз Фест – 2024” этникалык фестивалына барды.

МинКаб башчысы айыл чарба жетишкендиктери, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты.

Акылбек Жапаров этнофестивалдын ачылыш аземинде сөз сүйлөп, мамлекет башчысынын “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук тамак-ашты, улуттук тамак-аштын түрлөрүн, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, кыргыз элинин жана Кыргызстандын элинин улуттук оюндары  сактоо жана өнүктүрүү каралган атайын программа түзүлгөнүн белгиледи. 

«Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам.  Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт.  Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат.  Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү”, — деди Жапаров.

Андан ары театралдаштырылган оюн зоок тартууланды.

Өткөн жылы этнофестивалга 5 миңден ашык коноктор келген.  Быйыл 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

336