7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров менен Шисинь Чэнь эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады

633
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Шисинь Чэнди кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу мамилелердин абалын жана анын өнүгүү келечегин талкуулады. Атап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, жашыл экономиканы өнүктүрүү, чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Маектештер өндүрүштүк ишкерлик жаатындагы жана аймактык кызматташтыкты жөнгө салуу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды, электр линияларын реконструкциялоо жана куруу, транспорт жана жол инфраструктурасын илгерилетүү, мамлекеттик ипотекалык насыялоону өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, 8-апрелде Бишкекте Энергетикалык форум болуп өттү, анын натыйжасы боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Өз кезегинде Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Акылбек Жапаровго «Кумтөр» кенине сапар уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. 
«Кыргыз Республикасы Азия өнүктүрүү банкынын маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Биз негизги маселелер боюнча, анын ичинде транспорт жана энергетика тармагында кабыл алынган милдеттенмелерибиздин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенүүдөбүз. Республиканын мындан ары өнүгүүсү боюнча так көз карашы жана пландары бар жана биз бул иш-чараларга активдүү катышууну каалайбыз»,- деп жыйынтыктады Шисинь Чэнь.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634