7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин регламентин өзгөрттү

680

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жаңы курамы менен кеңешме өткөрдү. Анда министрлер кабинетинин жаңы редакциядагы Иш регламентин кабыл алды.

Учурдагы регламент толугу менен кайрадан каралып чыгып, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун жана башка чечимдерди макулдашуу жаатында өзгөртүүлөр киргизилген.

Регламент ашыкча бюрократиядан арылууга мүмкүндүк берет, анткени мамлекеттик аппараттын ишинин жыйынтыгынан калкка кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугу көз каранды болот. Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык абалдын ыкчам өзгөрүүсү, катаал финансылык абал шартында, кабыл алынып жаткан ченемдик актыларды макулдашууну ирээтке келтирип, тездетүү зарыл. Мындан ары карай ченемдик-укуктук актылардын бир дагы долбоору Президенттин администрациясында кармалбайт, мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алынып жаткан чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик алат”, – деп белгиледи Жапаров.

Жапаров өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртууга, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталган чечимдерди ыкчам макулдашуу жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Биз ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчиси карапайым адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алып баштамайын, экономикалык өсүшкө жетише албайбыз. Мамлекеттик аппарат эл кызыкчылыгы үчүн иштеши тийиш. Биз өз алдыбызга олуттуу максаттарды жана пландарды койдук, аларды ишке ашырабыз”, – деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681