7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: Мугалимдердин жана дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20% жогорулатып турууга аракет кылабыз

464

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жаңы билим уясы салынчу жерде болгон жолугушууда «Педагогдордун жана дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20%га көтөрүүгө аракет кылабыз»- деп билдирди.

Чогулган мугалимдер өз кезегинде кескин жогорулатылган маяна үчүн Акылбек Жапаровго ыраазычылык билдирип, карылар пенсияны жогорулатуу боюнча сунуштарын айтышты.

«Алгач мен каржы министри болуп келген кезде Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан мага мугалимдердин, дарыгерлердин маянасын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жөлөк пулдарын көтөрүү тапшырылган. Максатталгандай өлкө башчыбыздын демилгеси менен ал пландарды ишке ашырдык. Буйруса быйыл 1-июндан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына пособиянын көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатууну чечтик. Пенсиянын көлөмүн октябрь айында жогорулатуу пландалууда»- деди Акылбек Жапаров.

Мындан сырткары Акылбек Жапаров Кен-Суу айылында курулушу жүрүп жаткан Т. Сыдыкбеков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушун көрүп чыкты. 525 орундуу мектептин курулушу менен катар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосунда салынып жаткан спорт зал менен да таанышты.

Облустун аймагындагы жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров райондун Санташ айылындагы «Санташ мамлекеттик тарыхый маданий жана мемориалдык корук музейинин» долбоору менен жеринде таанышты. Түп-Кеген унаа жолунун жээгинде, кооз табигат койнунда орун алуучу комплексти курууга Туризмди өнүктүрүү фондунан 50млн сом каралмакчы.

Ошондой эле Акылбек Жапаров иш планында белгиленбеген таризде Түп районун чек ара тилкесинде жайгашкан Каркыра айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Тургундар министрлер кабинетинин башчысына мектеп көйгөйүн айтышып, жаңы социалдык объектилерди салуу зарылдыгын белгилешти. 30 түтүн эл жашаган Каркыра айылында жайгашкан чек ара кызмат бөлүмүнүн абалынан да кабар алып, чек арачылардын жашоо шартын көрүп чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

465