7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: ОПГ – саясий коррупциянын эгизи же бир тууганы!

556

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында төмөнкүлөрдү билдирди.

«Урматтуу президентибиз өзүнүн акыркы интервьюсунда: “Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат” деди. Чындыгында 30 жылда өлкөнү басып кеткен саясий коррупция демонтажталды. Анын эң башкы далили – Кумтөр. Ал элге кайтарылды: 5 арбитраждык, 6 ар түрдүү эл аралык соттук процесстерди бүтүрдүк. Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк (18 млн$), Таш-Көмүрдөгү (60 млн$) завод боюнча иштерде 100% Кыргызстандын пайдасына соттук процесстерди жеңдик. Ушунун баарын саясий коррупция басып турган. Мен 20 жылда 3 жолу депутат болдум. Дүйнөлүк банктын “Многоликая коррупция” деген китебин канча жолу бийликтегилерге жеткире алган жокмун. Саясий коррупция болгон жерде ОПГ сөзсүз аралашат. Анткени ОПГ – саясий коррупциянын эгизи же бир тууганы! Бардык баскычтарда тазалануу иштери жүрүп жатат»,- деди Жапаров.

557