Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында төмөнкүлөрдү билдирди.
«Садыр Нургожоевич мамлекетти иретке келтирүү үчүн экономиканы мага, күч блогун Камчыбек Кыдыршаевичке берди. ОПГларга каршы аёосуз күрөш – бул мамлекетке салык төлөтпөй жүргөн, крыша болгондор менен күрөш! Булар менен аралашкан бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, ишкерлер тазаланып жатат. Азыр Министрлер кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок. Биздин темпке чыдабагандар же мурдагыдай жүрө берсе болот дегендер өздөрү эле жолдон түшүп калып жатат.
Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок. Өлкөбүздөгү аткарылып жаткан иштерде сиздердин түздөн-түз салымыңыздар бар. Баарыбыз Манастын кырк чоросундай күчтүү команда болуп иштедик. Ынтымак болбосо, мамлекет жоголот: “бирөө айдалып Кангайга, бирөө айдалып Алтайга, бирөө тентип Эренге, бирөө түшүп тереңге” кетет, эл таруудай чачырап, бөлөк калкка сиңип, тилин, дилин, үрп-адатын, наркын акырындап жогото берет. “Миң да болсо кырылат, пил да болсо жыгылат”, элдин байлыгы да, көптүгү да, баатырдыгы да түккө турбай калат. Биримдик, ынтымак, акыл-эс, билим жана күчтүү саясий эрк – азыр мунун баары бизде бар!»,- деди ал.