7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басарын кабыл алды

497

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу алкагында 26-январда өтүүчү “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

498