7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаровго Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун 34 долбоору сунушталды

648

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго  «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому 34 долбоорду сунуштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Уюмдун президенти Елена Калашникова Фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык долбоор, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар.

Белгилей кетсек, уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун түзүү жөнүндө» чечим КРнын президентинин «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

649