7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акын Болот Назаров кармалды

734

Москва районунда өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип акын Болот Назаров кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 7-ноябрь күнү Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Москва районунун Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, мингенден соң баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган.

Аталган факы Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.

9-ноябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталып, ал ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735