9-10-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-128 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусунда, 198-246 чакырымдарында Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ал эми бүгүн, 9-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-10-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук болот.
Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.