Америкалык ырчы, актриса Селена Гомес «Rolling Stone» журналына берген жаңы маегинде жеке жашоосундагы темаларга токтолгон. Ырчы айым биполярдык оорусун жеңүү үчүн ичкен дары-дармектердин айынан өзү бала төрөй албай турганын билдирген.
Анын айтымында, ал эне болууну каалайт, ошондуктан балалуу болуш үчүн колунан келген аракетин жасайт. «Кандай болгон күндө дагы бала жытын жыттап, эне болууну каалайм»,— деген ал.
Кошумчалай кетсек, Селена Гомес 2018-жылы психоз оорусу менен ооруганын маекте айтып берген. Анын эсинде көп нерсе жок, бирок медициналык мекемеде бир нече ай паранойя абалында жатканын билет. Ошондой эле актриса ошол учурда депрессия болуп, айланасындагы айрым адамдарга ишенбей калганын кошумчалаган.