Кечээ, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызынын тушоо кесүү концерти өттү. Бул кечеде ырчы айымга курулуш компаниялардын бири эки бөмөлүү батир белекке берди.
Бул концертте элдин маанайы өзгөчө болуп, күйөрмандары да кошо ырдап, бийлеп дагы жатканын көрсөк болот. Ал арада бийди тыткан жигит көпчүлүктүн маанайын көтөрдү.
Ал эми бул кечеде Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Альянс» фракциясынын ыраазычылык катын тапшырса , Маданият маалымат, спорт жаштар саясаты министрлигинин өкүлү ардак грамота менен сыйлады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram