Акыркы 15 жылда энергетика тармагына сырттан 137, 87 млрд сом насыя алынган
1. Курманбек Бакиев өлкөнү башкарган 2005-2010-жылдары 9 млрд 296 млн сом карыз алынган.
2. Роза Отунбаеванын президенттик башкаруусу (2010-2011-ж.ж.) тушунда 3 млрд 416 млн сом
3. Алмазбек Атамбаев президент катары иштеген 2011-2017-жылдар аралыгында энергетика тармагына эн көп карыз алынган, 98,7 млрд. сом
4. Сооронбай Жээнбеков кезинде (2017-2020-ж.ж.) 26,3 млрд. сом тыштан насыя алынган.
5. Учурдагы президент Садыр Жапаров иштеп жаткан убактан бери энергетика тармагына бир сом да насыя алынган эмес.
Энергетика тармагына тыштан келген насыялардын басымдуусу Кытайдын Эксимбанкынан алынган.
Насыялардын негизги бөлүгү “Датка-Кемин” электр өткөргүч линиясын курууга, Бишкек ЖЭБ модернизациялоого жана Токтогул ГЭСин реаблитациялоого жумшалган.
Соңку 2 жылдан бери сырткы карызды төлөө Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүчкө жетти.
2021-жылы мамлекеттик тышты карызды тейлөөгө 29,7 млрд сом бөлүнсө
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча – 22 миллиард 113 миллион сом төлөнгөн