7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы 8 айда Ысык-Көл менен Токтогулдан браконьерлер жайган 101 чакырым тор тазаланды

9

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тиешелүү кызматтары тарабынан өлкөнүн суу объектилеринде 206 рейд өткөрүлдү. Рейддердин жүрүшүндө суу объектилеринен жалпы 101 миң 250 метр синтетикалык тор жана 1 миң 910 килограмм таштанды чыгарылды.

Анын ичинен:

  • Ысык-Көлдө 102 рейд өткөрүлүп, 40 200 метр синтетикалык тор жана 940 кг таштанды чыгарылды;
  • Токтогул суу сактагычында 60 рейд жүргүзүлүп, 42 250 метр синтетикалык тор жана 670 кг таштанды алынган;
  • Соң-Көлдө 24 рейд өткөрүлүп, 15 050 метр синтетикалык тор чыгарылды;
  • Орто-Токой суу сактагычынан 200 метр синтетикалык тор алынган;
  • Киров суу сактагычында 20 рейд жүргүзүлүп, 3 550 метр синтетикалык тор жана 300 кг таштанды чыгарылган.

Мындай рейддер сууну мыйзамсыз балык уулоочу шаймандардан тазалоого, суу экосистемаларын коргоого жана биологиялык ресурстарды сактоого багытталган.

10