7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы сутка ичинде Бишкек,Чүй, Ысык-Көлдөн 8 бейтап каза болду

665

17-майга карата коронавирус дагы 259 адамдан аныкталып, 284 адам коронавирустан айыгып чыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1, жалпы 8 бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 694 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 435 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 151 бейтаптын абалы орто оордукта, 431 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 552 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 482 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 732 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 886 киши айыгып чыкса, 1 миң 711 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666