7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр: Биздей итке минген өлкөлөрдө мындай маянаны өлкө башчылары да албайт!

436

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеш Кумтөр тууралуу кезексиз жыйын өткөрүп жатат. Анда компаниянын комиссиясынын отчеттук маалыматы уктурулду.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев акыркы маалыматтарга ылайык, кыргыз тараптан 15 адам акционер болуп, алардын айлыгы 150 миңден 250 миң долларга чейин экендигин айтат.

«Урматтуу Мекендештер! 26 жыл ичинде Центерра Голд компаниясы Кыргызстандан 500 тоннадан ашык алтынды ташып чыгып кетти. Келген ар бир бийлик — жең ичинен соодалашып, биздин элдин эмес ошолордун кызыкчылыгын коргоп келишти жана табакташтарын акционер катары каттатып турушту. Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз тараптан акционерлердин саны 15 адамга чейин жетип, алар 150 миңден 250 миң долларга чейин маяна алып турушкан. Биздей итке минген өлкөлөрдө мындай маянаны өлкө башчылары албайт. Элибиздин байлыгын эл аралык шылуундар талап, тоноп кетишкени өтө өкүнүчтүү. Ал жерде алтындан тышкары казылып алынган күмүш, жез, вольфрам жана башка баалуу металлдарды эсепке киргизишкен да эмес. Андан да, өкүнүчтүүсү алтын казуу учурунда канчалаган мекендештерибиз көчкүнүн алдында калып, жан беришти. Ушул кезге чейин эч ким мунун жоопкерчилигин тарткан жок. Бүгүн депутат Акылбек Жапаров баштаган комиссия өздөрүнүн изилдөөсүн парламентке алып келишти. Менимче, бул эң жакшы изденүү жана эмгек болгон. Кыргыз өлкөсү ар түрдүү кен байлыктарга бай. Тилекке каршы, кен казуу боюнча маселе бизде өтө олуттуу! Урматтуу Мекендештер! Чоң Алай аймагында казылып жаткан алтын боюнча да, проблемалар бар. Албетте, биз бул маселеге сөзсүз кайрылабыз!», — деп жазат ал соцтармактагы баракчаларына.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги кезексиз жыйынга комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

437