7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча комитеттин ишин жаңы парламент келгиче узартууну сурады

634

Бүгүн, 17-май Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын отчёттук маалыматын укту. Комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров комиссиянын ишмердүулүгүн жаңы парламент келгенге чейин узарта турууну суранды.

«28 жылдын ичинде өлкөнү башкарып келген саясий күчтөр Центерранын менеджерлерине, Кыргызстандын экономикалык толук көз каранды болуусуна баардык мүмкүн болгон шарттарды түзүп берген. Экономикалык көз карандылык кандайдыр бир деңгээлде саясий да көз карандылык деңгээлге чыккан.  Кумтөргө тийиштүү миңдеген документтерди талдап олтуруп, мамлекеттик комиссия өткөн 27 жыл ичинде КРнын Президенттери жана өкмөттөрү, мамлекеттик-экономикалык кызыкчылыкты коргоого илең-салаң, көңүл кош мамиле кылган. Келишимдердин бүт баары Кыргызстан үчүн пайдасыз, а түгүл зыяндуу болгон. Мамлекет жана өкмөт жетекчилеринин аракетинде мамлекетке чыккынчылык кылуунун белгилери бар. Ал иш аракеттерге укуктук баа берилиши керек деп жыйынтыка келдик» , -деди комиссия төрагасы Жапаров.

Эске салсак, мамлекеттик комиссия “Кумтөр Голд Компани” ишканасын 5 млрдга жакын айып пул төлөөгө милдеттендирүү зарылдыгын айтып чыккан. «Центерра Голд» компаниясы бул боюнча эл аралык арбитраждык сотко карылганын кече, 16-майда кабарлады. 

Алдыда Кыргыз өкмөтүн узак убакытка созулган, эл аралык деңгээлде соттошуу күтүп тургандыктан, мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров комиссия жаңы парламент келгиче ишин уланта берүүсү туура болоорун сунуштады.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635