19-июлга карата коронавирусдан 1289 бейтап айыгып чыгып, 1 287 адамдан жаы учур катталды. Акыркы бир суткада Бишкектен 6, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан 1, Таластан 1, Ысык-Көлдн 2 бейтап каза болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 704 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 353 адам дарыланууда.
Маалыматка ылайык, катталган учурлар аймактарга карай.
- Бишкек шаарында – 917,
 - Ош шаарында – 19,
 - Чүй облусунда – 96,
 - Ош облусунда – 11,
 - Талас облусунда – 20,
 - Нарын облусунда – 11,
 - Ысык-Көл облусунда – 48,
 - Жалал-Абад облусунда – 48,
 - Баткен облусунда – 117 адамдан илдет табылган.
 



