7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын, Ош жана Жалал-Абадда ветеринардык дарыканалар текшерилди

142

Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларында ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүлдү.

Текшерүүнү Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана тиешелүү адистер жүргүзүштү.

Мониторинг учурунда ветеринардык дары-дармектердин сатылышы жана сакталуусу, дарыканалардын реестрлерге катталуусу жана мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди.

Жыйынтыгында айрым дарыканаларда ички реестрге катталбаган учурлар жана ветеринардык дарылардын агрохимикаттар менен талапка ылайык өзүнчө сакталбаганы аныкталды.

Дарыкана ээлерине жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар коюлду.

143