Жалал-Абад шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган жарандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, багар-көрөөрү жок карыялар, жалгыз бой энелер, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн акысыз медициналык кароо жүгүзүлүүдө.
Иш-чара 3-декабрь-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтүп жатат. Эки күн аралыгында эле Жалал-Абад шаардык Социалдык дарылоо реабилитациялык борборунун даыргерлери тарабынан УЗИ аппараты аркылуу 100 жаран текшерүүдөн өткөрүлүп, дарыгерлер тарабынан кеңештер берилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, карыларга жана мүкүнчүлүгү чектелген жарандарды камкордукка алуу боюнча бир айлык жарыяланган. Анын алкагында тарачтарга жана мончого алып баруу сыяктуу камкордуктар жасалат. Мындан сырткары «Баарлашуу жээги» уюштурулган. Ал жерде карылар бири-бири менен баарлашып, түрдүү жумуштар менен алектене алышат.