7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол, Айсулуу… Дүйнө чемпионатына катыша турган балбандардын тизмеси

486

Спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) Кыргызстандын курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет.

Беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.

16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.
Эркин күрөш боюнча курама команда:
— 57 кг Алмаз Сманбеков;
— 65 кг Икромжон Хаджимурадов;
— 70 кг Эрназар Акматалиев;
— 74 Арсалан Будажапов;
— 86 кг Нарбек Изабеков;
— 97 кг Каныбек Абдулхаиров.

18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда:
— 59 кг Калмира Билимбек кызы;
— 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
— 68 кг Мээрим Жуманазарова;
— 76 кг Айпери Медет кызы;
— 72 кг Нурзат Нуртаева.

21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:
— 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
— 67 кг Амантур Исмаилов;
— 77 кг Акжол Махмудов;
— 87 кг Азат Салидинов;
— 97 кг Бексултан Махмудов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487