Жылдын жыйынтыгы менен Акжол Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды. Бул тууралуу UWW Asia жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Азия чөлкөмүндө грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча япон Таиси Нарикуни жана кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты деп аталды.

Белгилей кетсек, буга чейин Акжол Махмудов 2022-жылдын “Тарых жаратуучусу” болгон.