Балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Сыймык Махмудов үйлөндү. Тойдо тартылган видеолор социалдык тармактарга байма-бай тарады.
Маалыматтарга караганда, үйлөнүү үлпөт той кечээ, 20-декабрда өткөн. Сыймык Махмудов «Ата» ырын ырдап, атасын ыйлатты.
26 жаштагы Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча чемпион. Буга чейин ал сүйүктүүсүнүн колун сураган видео тараган.