7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудовдун атасы Карачолоковдун башкы машыктыруучу болушуна каршы чыкты

13

Балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухаммед Махмудов Улукбек Карачолоков Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болууга татыксыз деп эсептейт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Махмудовдун билдиргендей, 22-октябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча турнир аяктап, Кыргызстандын курама командасындагы 10 спортчунун бири дагы медаль багындыра алган эмес.

«Жакында ноябрь айынын башында Ислам оюндары болот. Эгерде Иран, Азербайжан, Египет, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу мусулман мамлекеттер биринчи номурдагы спортчуларын алып барса дагы алтын медаль ута албайбыз. Себеби чемпиондорду чемпион машыктыруучу гана тарбиялай алат. Улук Карачолоков, угушума караганда, Кыргызстан биринчилигин да уткан эмес экен. Курама командага Канатбек Бегалиев менен 2012-жылы келип, 2017-жылы Бегалиев курама командадан кеткенде калып калган. 13 жыл курама командада улук машыктыруучу болуп иштеп, Жоламан менен Акжолдун медалдарын кошпогондо, 2022-жылы Амантур дүйнө биринчилигинен коло медаль, Үзүр Париж Олимпиадасынан коло медаль утушкан. Улук Карачолоков курама командага келгиче бир күн да залда машыктыруучу болуп иштеген эмес, курама командадан кеткенден кийин да тогуз ай эч бир залда иштебептир. Жылкы багып, ат таптап, саяпкерчилик өнөрү бар экен. Анан кантип ат таптап, ат баккан инсан күрөш боюнча курама командага башкы машыктыруучу болот?

Улук Карачолоков жакшы инсан, жакшы жар, жакшы ата, жакшы дос, адамгерчилигине эч кандай нааразычылыгым жок, болгону грек-рим күрөшү боюнча курама командага башкы машыктыруучу болгонго татыктуу эмес!, — деп жазган Мухаммед Махмудов өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Карачолоков учурда башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу болуп саналат жана Хорватиядагы дүйнө чемпионатынан кийин кызматтан кеткен Уран Калиловдун ордуна келген.

 

14