Өлкө башчы Садыр Жапаров Токио жайкы олимпиада оюндарына катышып, жеңишке жеткен 3 спортчуга акчалай сыйлыктарды жана жеңил автоунаа тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта кабарчыбыз жеринен кабарлады.
Анын айтымында, спортчулардын машыктыруучуларын кошкондо 5 адамга «Манас» ордени тапшырылган.
«Айсулуу Тыныбековага ll-даражадагы «Манас» ордени, «Toyota RAV 4» үлгүсүндөгү автоунаа жана 10 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилди. Ал эми Акжол Махмудовго ll-даражадагы «Манас» ордени «Toyota RAV 4» үлгүсүндөгү автоунаа жана 10 миллион сом. Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучу Нурбек Изабековго 8 миллион 150 миң сом, ll-даражадагы «Манас» ордени ыйгарылса, олимпиадада коло медалга ээ болгон Мээрим Жуманазаровага 7 миллион сом, lll-даражадагы «Манас» ордени жана «Toyota RAV 4» унаасы тапшырылды. Мейрамбек Ахметовго 2 миллион 500 миң сом тапшырылып, ll-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды», — дейт ал.
Эскерте кетсек, спортчуларга тапшырылган унаалар президент Садыр Жапаровдун атынан ыйгарылууда.