«Ала-Арча» жаратылыш паркындагы эски музейдин кеңсеси толук реконструкциядан өтүп, жогорку класстагы мейманканага айланды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Тумөнбаев билдирди.
«Жаңы жыл дагы бир кубанычтуу жаңылык! Аталган имарат абдан кейиштүү абалда болгон, учурда бардык шарттары менен жаңыланды.
Президентибиздин жеке демилгеси менен «Ала-Арча» паркында акыркы жылдары бир топ иштер жасалууда. Бул жумуштар 2024-жылы дагы уланат.
Тактап айтканда, паркыбыздын экологиясын сактоо максатында эмки жылы парктын ичине автоунаа киргизилбейт.
Бирок, коноктор үчүн бардык шарттар түзүлөт. Парктын кире беришине 5000 машинеге ылайыктуу унаа токтотуучу жай курулат, ал эми конокторду ташууга атайын экологияга зыян келтирбеген көлүктөр алынат.
Ал эми парктын кызматкерлеринин айлык акылары жогорулайт, аталган демилгени президентибиз өзү кубаттады. Бул кадам меймандарды сапатуу тейлөөгө жана кызматкерге кам көрүүгө багытталды»,- деди ал.