7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ала-Арча” соода борборунун 2 миң чарчы метри мамлекетке кайтарылды

737

Бишкектеги “Ала-Арча” соода борборунун 3-кабатында жалпы суммасы 344 млн сом болгон 2 миң чарчы метр аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2007-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен “Э.И.Г.” компаниясына Тынчтык проспектисинде коомдук жана соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн 2,16 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталды.

Бишкек мэриясы тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерин берүү шарттарына ылайык, ижара берүүчү курулган турак жайдын 10 пайызын муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттендирилген. Ошол эле учурда, 2017-жылы “Э.И.Г.” компаниясы пайда алуу максатында жана бул милдеттенмелерди аткарбоо максатында (б.а. көп кабаттуу үй куруу) 1074 га жер тилкесин “Т.И.” ЖЧКсына сатып жиберген, ал өз кезегинде “Ала-Арча” соода борборун куруп салган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында “Т.И.” ЖЧКсы “Ала-Арча” соода борборундагы (3-кабат) аянты 2000 чарчы метр, наркы 344 млн сомдук турак эмес жайды Бишкекмэриясынын ММБДнын балансына өткөрүп берди.

Белгилей кетсек, аталган 2 миң чарчы метр аянтта балдар аттракциону бар, анын ижара акысы эми шаардык бюджетке түшөт.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылууда.

738