7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Арчада кыргыз фильмдери акысыз көрсөтүлөт

295

Эми дем алыш күндөрү Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында кыргыз кинолору акысыз көрсөтүлүп турат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-июлда башталган маданий иш-чара  кыргыз киносунун тарыхындагы алгачкы көркөм тасманын 70 жылдыгына арналат. Долбоордун башкы максаты — улуттук кинолорду жайылтуу, жаштардын маданий аң-сезимин жана улуттук мураска болгон сый-урматын калыптандыруу.

“Кыргызфильм” мындай иш-чаралар маданий иденттүүлүктү бекемдөөгө жана кыргыз киносуна болгон кызыгууну арттырууга чоң салым кошот деп ишенет.

296