Бүгүн Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында жаңы 90 орундуу балдар бакчасы курулуп, пайдаланууга берилди.
Айылга бала бакча куруу көптөн бери көйгөй жаратып келген. Райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуп, демөөрчүлөрдүн жана тургундардын жардамы менен заманбап үлгүдө бүткөрүлдү. Тамак даярдоочу жайы Агахан фонду тарабынан каржыланды.
Аталган иш-чарага райондун акими Кайырбек Чаргынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Атамырза Баймуратов, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундар жана активисттер катышты.
Аким өз сөзүндө: Кош-Терек айылында ачылган «Ак шоола» балдар бакчасы жалпы Кош-Терек айылынын тургундары үчүн жыл тогошоор мезгилиндеги жаңы жылдык белек десем жаңылышпайм. Биздин милдетибиз жаңы өсүп келе жаткан келечектеги муундарыбызга татыктуу шарт түзүү. Бүгүнкү ачылган балдар бакчасы ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетип, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоого чоң салым болот. Бул балдар бакчасынан акылдуу, билимдүү, чынчыл, адептүү жана мекенчил жаштар өсүп чыгарына ишенем.
Сиздерди жаңы бала бакчалуу болушуңар менен куттуктап, жакындан көмөк көрсөткөн райондук өнүктүрүү фондуна, Т.Балтагулов айыл өкмөтүнө, Агахан фондуна, жергиликтүү тургундар менен жергиликтүү кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем.
Балдар бакчасында ар дайым кубанычтын күлкүсү жаңырып, балдардын күлкүсүнө толсун.