7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада «Ас-Сафа» фонду каржылаган соцьобекттер пайдаланууга берилди (ФОТО)

635

Ала-Бука районунун Балтагулов айыл аймагына караштуу Кажар айылында бир каттар социалдык курулмалар пайдаланууга берилди. Бул туурасында 7-каналга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты.

«Бүгүн, Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу Кажар айылында кубанычтуу иш-чара болуп өттү.

Жаңы бүткөрүлгөн асфальт жол, көчө жарыктары жана калкка эң керектүү таза суу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы Ашырбаев Эрнис Мирзараимович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акматов Мамасалы Такабаевич, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Назарбеков Байыш Маданбекович, алыс жакындан келген коноктор, райондук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Алгач иш-чараны куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акматов Мамасалы Такабаевич баштап, айыл элин кубанычтуу саамалык менен куттуктады. Андан соң Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев катышуучуларды бүгүнкү иш-чара менен куттуктап, Т.Балтагулов айыл өкмөтүндө жасалып жаткан алгылыктуу жумуштарга токтолду.

Таза суу чыгарууга демөөрчүлүк кылган «Ас-Сафа» коомдук бирикмесинин директору Ибрагим Мальсагов сөз сүйлөп, аталган иштердин жасалуусундагы Эрнис Ашырбаевдин жасаган аракетин баалап, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду Ала-Бука районунда дагы да көптөгөн социалдык объектилердин курулушуна көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

Кажар айылынын жолун оңдоого, жарыктандырууга жана таза суу менен камсыз кылууга негизги салымды кошкон Эрнис Ашырбаевдин атасы Мирзараим Ашырбаев айылдаштары тарабынан эскерилип, анын арбагына багыштап куран түшүрүлдү. Атасынын аманатын аткарып, туулган айылына, кичи мекенине ак кызматын кылган Эрнис Ашырбаевге айыл эли алкышын айтып, ак батасын беришти.

Жаңы бүткөрүлгөн жолдун, таза суунун кызыл лентасы кесилип, Кажар айылындагы майрамдык маанай андан ары уланды жана айыл өкмөт башчысы Байыш Назарбеков жана Ашырбаевдердин үй-бүлөсү тарабынан ыраазычылыктар билдирилди»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636