7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада чек арачылар үчүн кызматтык батирлердин курулушу башталды

360

Бүгүн Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын «Баймак» автожол көзөмөл өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөрдүн курулушу башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, чек арачылар үчүн үч блоктон турган 30 батирлүү турак-жай комплекси курулат.

Капсула салуу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгын башчысы Каныбек Досмамбетов, жергиликтүү бийлик, чек ара кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

Аталган турак жай комплекси Ала-Бука районунун Ызар айылында жайгашып, жергиликтүү ишкер Улан Максымбеков тарабынан каржыланууда. Курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалган.

361