7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде күн электр станциясы курулат

365

Баткенде күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдирди.

Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «CECEP Solar Energy Co., Ltd.» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы кызматташтыкты жана инвестициялык портфелди кеңейтүүнү талкуулашты.

Учурда аталган компания Баткен облусунда «Ак-Татыр» күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда. Жолугушууда заманбап энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу маселелери каралды.

 Сабиров бул кызматташтык өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү жана энергетика тармагындагы конкреттүү долбоорлорду мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга макулдашты.

366