Ала-Букада мугалим окуучусуна 17 ирет ийне сайганы айтылууда. Социалдык тармактарда ийне сайган окуучунун колу делген сүрөт дагы жарыяланды.
ЖМКлар мугалим тапшырма аткарбагандыгы үчүн 5-класстын бир нече окуучусунун колуна ийне сайганын жазып чыгышкан.
Билим берүү министрлиги менен байланышканыбызда учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты. Окуя 27-октябрда Ак-Коргон айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №40 мектепте болгон.
Милиция териштирүүнү баштады.