7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букалык киши атасынын арбагына багыштап көпүрө курду

231

Айры-Там айылынын тургунуТалантбек Жумабаев атасынын арбагына багыштап, аш берүүнүн ордуна эки айылдын тургундарын байланыштырган көпүрө салып берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ал атасы Мамадалы Жумабаевдин ѳмүрүн эскерип, 400 миң сом сарптап, көпүрөнү өз эсебинен куруп элге пайдаланууга тапшырды. Бул иш-аракетке айыл эли терең ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти.

Көпүрө Айры-Там менен кошуна айылдын ортосундагы байланыштын негизги жолун түзөт. Буга чейин жамгыр жааганда же суу көбөйгөн учурда жашоочулар өтө албай, айрыкча жаш балдар менен кары-картаңдар кыйналышчу. Эми болсо көпүрө алардын коопсуздугун жана күнүмдүк тиричилигиндеги ыңгайлуулукту камсыздайт.

232