7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Буканын тургунун Өзбекстан чек арачылары алып кетишкен боюнча кайтара элек

634

Ала-Букадагы Көк-Таш айылынын бир тургунун 10-апрелде Өзбекстандын чек арачылары алып кирип кетти. Бул тууралуу бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ала-Бука районунун эли менен жолугушуп жатканда Көк-Таш айылдык кенештин депутаты Хафиза Байназарова айтып чыкты.

«Көк-Таштык Мунарбек кечээ мал жаюуга жайытка чыккан учурда өзбек чек арачылары аны алып кетишиптир. Бирок, кыргыз чек арачылардын аралашуусу менен Өзбекстанда кармалып турган жаранды бүгүн түштөн кийин алып келишээри айтылып жатат»- дейт Байназарова.

Ал эми Ала-Бука районундагы 2030 аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мамырканов эки тараптын чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу иш-аракеттери жүрүп жатканын айтты. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ал жаран мал издеп жүрүп, Өзбекстан тарапка тагыраагы алардын заставасы жакка өтүп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635