7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо аяктады

716

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароолду реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Учурда инфракызыл жылыткыч орнотулду.

Ошондой эле жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстү алмаштырылып, айнектер коюлуп, килемдер алмаштырылды.

Металл тосмолор сырдалып жана алардын элементтери алмаштырылды.

Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү — 75 сантиметр болгон КР Мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду.

Иштер «Бишкекбашкыархитектура» МИнин долбооруна ылайык демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен аткарылган.

Чыгымдардын жалпы суммасы 1 345 500 сомду түздү.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев баш калаанын муниципалитетине гербди жаңыртуу өтүнүчү менен кайрылган.

717