7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Тоо Резорт» аукциондун экинчи этабын жарыялады

16

 «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому аукциондун экинчи этабын жарыялады. Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, онлайн аукцион 8-10-апрелде өтөт.

«Аукциондун биринчи этабы былтыр июль айында өткөн. Анда жалпы 49 лот коюлган. Анын ичинен 14 лот сатылган. Калган 36 лот аукциондун экинчи этабына коюлат. Аукциондо 400 чарчы метрден 6 миң чарчы метрге чейин жер тилкелери бар. Аукционду ачык-айкын өткөрүү үчүн онлайн түрдө уюштурулат», — деди ал.

Максүтов белгилегендей, аукциондо сатылып алынган жер тилкелери кыргыз жарандарына менчикке өткөрүлүп, кызыл китеп берилет. Ал эми чет элдик инвесторлорго 49 жылга ижарага берилет.

17