7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Centrum Air Ташкент – Ош багыты боюнча туруктуу аба каттамын ачат

285

Centrum Air Ташкент – Ош багыты боюнча туруктуу аба каттамын ачат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК маалымдайт.

Маалым болгондой, учактар 1-апрелден тарта уча баштайт.

Каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү, заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 10 мүнөттү түзөт. Авиабилеттердин эң төмөнкү баасы 1,5 млн сумдан (124 доллар) башталат, баага жүк кирбейт. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан же башка сатуу каналдары аркылуу сатып алууга болот.

«Жаңы каттамдын ачылышы маршруттук тармакты кеңейтүү менен гана чектелбейт. Бул туризмди, бизнести өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого кошумча мүмкүнчүлүк түзөт», — делет маалыматта.

286