7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Тоо Резорт»: Кытай инвесторлору Жыргалаң шаарчасын курууга кызыктар

3

Кытайда ири мейманканаларды курган инвесторлор «Ала-Тоо Резорт» курортуна кызыгууда. Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» ишканасынан билдиришкенин Кабар маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттен келген курулуш компаниялардын өкүлдөрү министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов менен биргеликте курорт курула турган аймакты жеринен көрүштү.

Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун демилгеси, мамлекеттин колдоосу менен курулушу башталган Борбор Азияда ири курортко барчу жолдор салынып, ошондой эле асма аркан жолдун, таза суу объектилеринин курулушу да кызуу жүрүп жатат. Инвесторлор алдыда боло турган Жыргалаң шаарчасы курулуп жаткан жер тилкелерин алуу үчүн аукциондун экинчи этабына катышуу ниетин билдиргени маалым болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонанын алгачкы этабы июль айында өткөн. Анда курула турган обьектилердин жер тилкелерин 14 лот менен жергиликтүү инвесторлор уткан.

Эми аукциондун экинчи этабы жакынкы күндөрү жарыяланып, дагы 35 лот аукционго коюлат.

«3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, аппартаменттер жана VIP-коттедждер, этно шаарча, ресторан, кафелер жана башка коммерциялык обьекттер курула турган жер тилкелерин аукциондон чет элдик жаран ута турган болсо, анда 49 жылга ижарага берилет.

Ал эми жергиликтүү инвесторлор утса, жеке менчикке өтөт. Аукцион ачык жана онлайн режимде болот. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор, курулуш компаниянын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана тармагынын ишкерлери, мамлекеттик сатып алууларга катышууну каалаган тараптар, юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат»,-деп айтылат маалыматта.

4