7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмамбет Шыкмаматов Ош, Жалал-Абад жана Баткенден келген фермерлер менен жолукту

249

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 27-мартта, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлөргө мал жана эт продукциясын экспорттоодо салыкты кошумча эсептөө маселелери талкууланды. Фермерлер түзүлгөн кырдаалдын негизги себептеринин бири – айрым экспорттоочуларда малды сатып алуу наркын тастыктаган баштапкы документтердин жоктугу экендигин белгилешти.

Эске салсак, буга чейин бул маселени жөнгө салуу максатында мыйзам кабыл алынып, кошумча эсептелген салыктын суммасын 20 пайызга чейин азайтуу каралган. Бул сумманы төлөгөндө калган 80 пайызы, ошондой эле айып пулдар жана туумдар эсептен чыгарылмак.

Натыйжада, Президенттин бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмүн 20 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөнү сунуштады.

Бул демилге ишкерлер тарабынан колдоого алынды.

«Негизги милдет жана башкы талап – мыйзамдуулукту камсыз кылуу, адилеттүү салык салуу жана тартип», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

250