7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов: Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

316

Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бүгүн парламенттеги иш-чара жүрүшүндө. «Гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”,- деген билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз. Анткени менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты. Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт», — деп жазды ал.

 

317