Социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарына президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сомдон акчалай жардам берилери тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
«Бул мамлекет башчысынын атын пайдаланып пайда көрүү максатын көздөгөндөрдүн аракети. Мамлекет башчысынын атынан мындай төлөмдөр жарыяланган эмес. Тексти коштогон шилтеме расмий мамлекеттик ресурс болуп саналбайт. Бул ресурс боюнча тийиштүү органдар иш алып барууда. Жарандарды жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана белгисиз күмөндүү шилтемелер аркылуу жеке маалыматтарын киргизбөөгө чакырабыз»,- дейт Алагөзов.



