7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов: Соловьёвдун айткандарын “сандырак сөздөрүнүн бири” деп эле кабыл алыш керек

12

“Соловьёвдун айткандарын сандырак сөздөрүнүн бири деп эле кабыл алыш керек”, — дейт Аскат Алагөзов фейсбук баракчасына.

Анын айтымында, Соловьёв мамлекеттик телеканалдардын биринде журналист болуп иштейт жана ага журналисттер эле жооп берсе жетиштүү.

“Урматтуу кесиптештер, мага бир катар редакциянын кабарчылары байланышып: “Орусиялык журналист Владимир Соловьёвдун айткандарына карата бийликтен расмий билдирүү болобу?”,- деп кайрылышууда. Ошого байланыштуу жалпы жооп берип коюуну туура көрдүм. Муну орусиялык журналист – алып баруучунун ондогон сааттап ар кайсыл темада сүйлөгөн эфиринин жүрүшүндөгү ара чолодо айтылган сандырак сөздөрүнүн бири деп эле кабыл алыш керек. Ал эми жооп берүү маселеси боюнча Соловьёв журналист же алып баруучу болгондуктан, ага өз деңгээлинде журналисттер же башкалар жооп берип атышат. Эгер мындай ойду депутаты же министри айта турган болсо бир жөн. Ошого жараша биздин депутаттар же министрлер жооп бермек. Депутаттарыбыздын бири Соловьёвду “Персона нон грата” жарыялайлы дегенин окудум. Эми анын өзүнүн тийиштүү жол-жобосу бар. Карап көрүшөөр.
Бул жерде эң маанилүүсү, өзүңүздөр көрүп эле жатасыздар да, Россия менен бизде, бизде эле эмес Борбор Азия мамлекеттеринде эки жана көп тараптуу алака эң жогорку деңгээлде жолго коюлган. Эки тараптуу ар кыл деңгээлдеги визиттерди, ошол эле КМШ, ЕАЭБ, ШКУ өңдүү уюмдардын алкагында өз ара кызматташтыктарды белгилесек болот. Андыктан анын ар кандай божомолдору суу кечпейт деп ойлойм. Бирок, Владимир Соловьёв мамлекеттик телеканалда эмгектенгендигин жана анын элдер ортосундагы мамилени козутуучу түшүнүксүз билдирүүлөрү достук мамиледеги мамлекеттердин жарандарында кеминде түшүнбөстүктөрдү, айрым учурда ага карата кескин чараларды көрүүнү талап кылып жатканын эске алуу менен, Соловьёвдун жетекчилиги аны тартипке салат деп ишенебиз”, — деп жазат ал.

13