7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайда селден жабыркаган аймактарда дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

285

Ош облусунун Алай районунда жүргөн селден кийин жугуштуу оорулардын алдын алууга багытталган ыкчам санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер Гүлчө шаары, Курманжан датка айылы, Савай тикеси — Каримов жана Достук көчөлөрүндө аткарылды.

Селден жабыркаган аймактарда, анын ичинде 5 көп батирлүү турак үйдүн айланасында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Үйлөрдүн айланасы, жертөлө, ашкана, чарбалык курулуш жана санитардык түйүндөр залалсыздандырылууда.

Бул үчүн 3 даана атайын техника, 3 гидропульт жана 15 кызматкер тартылган.

Мындан тышкары, жабыркаган калктуу конуштарда азык-түлүктүн коопсуздугуна жана ичүүчү суунун сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

286