7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилери пара алууга шектелип кармалды

632

Аламүдүн районунун айыл өкмөт башчысы менен башкы бухгалтери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2023-жылдын декабрында милицияга Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылып, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. 2021-жылдын январь айында алар өздөрүнүн кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, 4 сотых жер тилкесин берүү үчүн 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары талап кылышкан. Бирок, алар акча каражатын алгандан кийин, өздөрүнүн милдеттемелерин аткарган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Ири өлчөмдө пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 12-декабрында кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, буга чейин алган паранын бир аз бөлүгүн 40000 сомду кайтарып берип жаткан жеринен Аламүдүн районунун айыл өкмөт башчысы менен башкы бухгалтери кармалган.

Азыркы учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүрүүдө.

633