Таштанды ыргыткан жоопкерчиликсиз мамиленин жыйынтыгын өзүңүз көрүңүз!
Шаардын ичин аралап өткөн 15,7 км Аламүдүн дарыясынан тонналаган таштандылар чыгарылып жатат. Болгону 3,7 км тазаланып, 20 438 тонна таштанды чыкты – бул 929 Хово толо жүк! Бул таштандылар кайдан пайда болду деп ойлойсуз? Бизден – менден, сизден, ар бирибизден!
Дарыяны булгап, өз экологиябызды өзүбүз ууландырып жатканыбызды качан түшүнөбүз? Тазалык – жалаң гана тазалоо иштери эмес, эң оболу таштандыларды ыргытпоодон башталат!
Шаарды, табиятты сыйлайлы! Аламүдүн дарыясы таштанды таштоочу жай эмес!
Посмотреть эту публикацию в Instagram