Бүгүн, 17-январда Аламүдүн коктусунда жоголгон адамды издөө иштерине саат 12:30га карата кошумча куткаруучулар тартылды.
«Мындан сырткары Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги менен 24, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 38, 1 кинолог, 1 каМАз, 1 снегоход, 4 дрон жөнөтүлдү. Жалпысынан техникаларды башкаруучулары менен бирге 72 куткаруучу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын «Альфа» тобунан 8 кызматкер дрон менен тартылды»,- деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, 14-январда Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М уулу дайынсыз болгон.
Издөө иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.