Токмок шаарында эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен 17 жаштагы өспүрүм айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1-октябрда саат 22:24 чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын башкарып бара жатып, жол четинде бара жаткан 66 жана 59 жаштагы аял кишилерди сүзүп кеткен. Алар алган жаракаттарынан улам каза табышкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.



