Аламүдүн районунун үч айыл өкмөтүнө кайрымдуулук уюмдары көмүр таркатышты. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочуларына 100 тонна көмүр таратылды. Аламүдүн районуна караштуу 3 айыл аймагында жашаган калктын социалдык аярлуу катмары эсептелген 100 үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр берилди.
Демилгени толук колдоп, каржылагандар: “Смарт Дженерейшн” (“Smart Generation”) жана “Ихсан Хаирия” (“Ihsan-Hairia”) кайрымдуулук фонддору болушту.